Абактагы Кубанычбек Кулматовду туулган күнү менен КСДП куттуктады

Абактагы Кубанычбек Кулматовду туулган күнү менен КСДП куттуктадыБишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов УКМК  абагында жатат. Бүгүн— Кулматов 56 жашка чыгат. 

Экс-мэрди туулган күнү менен КСДП партиясы куттуктады.  “Сиз сыяктуу жетекчилер менен, Ата Мекен сыймыктанышы керек”,  “Сиз ойлонуп чыгарылган күнөөлөр менен жеңил эмес абалга калдыңыз”, “Акыр аягында чындык жана акыйкаттык жеңип чыгып, сиздин ак ниет атыңыз жалаа менен ушактардан арылып, сиз дагы эле биздин өлкөгө ийгиликтүү эмгектене аласыз деп ишенебиз»деп айтылат куттуктоодо.

Айта кетсек, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов “Коррупция” беренеси боюнча айыпталып УКМКнын абагында жатат.  Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында “Калыс Ордо” мектебине бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз пайдалануу боюнча айыпталууда.    Жакында анын соту болот.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты