Кыргызстан Түркмөнстанга картошка экспорттой баштады

Кыргызстан Түркмөнстанга картошка экспорттой баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Түркмөнстанга картошка экспорттой баштаганын КР Айыл чара жан мелиорация министрлигинин өкүлү Анаркүл Беккулиева басма сөз жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле картошканы Казакстанга экспорттоо боюнча да келишимге кол коюлганын айтты.

2018-жылы Кыргызстан 1 миллион 446 миң тонна картошка өндүргөн. Анын ичинен экспортко 120 миң тонна кетет, ички керектөөгө 700 миң тоннадай керектелет.

Кийинки учурда картошканын дүң баасы 3 сомго чейин түшүп кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты