Дастан Бекешев: «ЖЭБ боюнча сот процесси ачык болсун»
- 5 лет мурун
- Блог
Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Дастан Бекешев Баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Бишкек ЖЭБ иши боюнча соттук процесс ачык болушун өтүндү.
— Парламентте биз бир тараптуу айыптоолорду гана уктук, — деди ал Өткүрбек Жамшитовго. — Ошондуктан процесс ачык болгону жакшы, -деди Бекешев.
Өткүрбек Жамшитов иликтөө ачык болду, ошондой болот деп жооп кайтарды.
Эскерте кетсек, бүгүн, 14-февралда, Жогорку Кеңеште ЖЭБ модернизациясы, ага алынган 386 млн доллар кредиттин сарпталышы боюнча маалымат угулуп жатат.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!