Асылбек Жээнбеков: “Биз башчыларга ишенип, чын ниетибизден колдогонбуз”

 

Асылбек Жээнбеков:  “Биз башчыларга ишенип,  чын ниетибизден колдогонбуз”Жогорку Кеңеште бүгүн, 14-февралда, Жылуулук электр борбору боюнча маалымат угулуп жатканда депутат Ирина Карамушкина мурдагы ЖК спикери, профилдик комитеттин төрагалары ЖЭБ ишинде эмнеге жооп бербейт, эгер биз парламенттик мамлекет болсок, анда парламент да жооп бериши керек дегенине экс-спикер жооп кайтарды.  

Асылбек Жээнбеков ЖЭБ келишими кабыл алуу учурунда  ЖК спикери болгондуктан Карамушкинага жооп кайтарды.

Асылбек Жээнбеков  Жогорку Кеңеш ЖЭБ боюнча келишимди жакшы ой, чын ниет менен, башчыларга ишенип, колдоп бергенин билдирди:

— 9-10-сентябрда аны 3 комитет караган, аны ким тездетип бергиле дегенин билесиздер. 11-сентябрда Өкмөт келишимге кол койду. Кайра декабрда Өкмөт бизге даяр мыйзам долбоорун жиберип, «мыйзам долбоорун токтоосуз карап берсин» деген.  Ошол кездеги Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган каттын коштоосунда келген. Ошондуктан, бир күндө үч окуудан карап, өткөрүп бергенбиз.

Мындай, «кечиктирилгис, кезексиз, токтоосуз каралсын» деген мыйзам долбоорлору парламентке мурда да келип жүргөн, азыр деле келип жүрөт.

Уурулар жооп бериш керек, -деди депутат Жээнбеков.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты