Баш прокурор: “Негизги күнөкөр Сапар Исаков болгон”

Баш прокурор: “Негизги күнөкөр Сапар Исаков болгон”Жогорку Кеңештин бугүнкү, 14-февралдагы,  жыйынында депутаттар Бишкек жылуулук электр борборундагы авария, аны модернизациялоого жумшалган 386 млн доллар каражаттардын чоо-жайы боюнча маалымат угулуп жатат. ЖЭБди модернизациялоодо 111 млн доллар мамлекетке зыян келгени айтылды.    

ЖЭБдеги авария боюнча 2018-жылдын январында болгон авария тууралуу депутаттык комиссия иликтеген.

ЖЭБди модернизациядоо боюнча TBEA компаниясы менен келишимдин Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишими тууралуу сөз болууда.

Анда Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берди.

ЖЭБ модернизациясы боюнча мурдагы премьер-министрлер  Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы каржы министри Ольга Лаврова жана башкаларга кылмыш иши козголгону белгиленди.

Баш прокурор Жылуулук электр борборун модернизациялоо ишинде коррупциялык схема чырмалып иштегенин, негизги күнөөкөр Сапар Исаков болгонун белгиледи.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча 111 млн доллар зыян келтирилгени айтылды.

Тыянак:

  1. Модернизациялоо шашылыш, кыска мөөнөттө экономикалык жана техникалык негиздемесиз кабыл алынган.

Кылмыш ишин жашырып, өз ишин эрдик деп келишкен.  Модернизациялоо ишине катышкандар камакта дегени эч акылга сыйбайт.

  1. 386 млн сарпталган эки блок өзү Бишкек шаарын жабдыш керек эле.
  2. ЖЭБдеги кемчиликтер үчүн электр энергиясына тарифти көтөрүү керек болот. Бул элибизге эбегейсиз түйшүк алып келет, -деди Жамшитов.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты