Кар аралаш жаан жаайт, туман каптайт
- 5 лет мурун
- Блог
14-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарында кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жамгыр жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин айрым жерлерин туман каптайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө- түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Таласта- түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде -түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;
Ысык-Көлдө — түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Нарында- түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -5…-10 градус төмөндөйт.
Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жана кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман каптайт Түнкүсүн 0…-2°, күндүз +3…+8° жылуу болот.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!