Жарандардын 40 миңдей куралы каттоодо турат. Катталбаганы канча?

Жарандардын 40 миңдей куралы каттоодо турат. Катталбаганы канча?

Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция органдарында Кыргызстандын жарандарынын 39 миң 872 ок атуучу куралы каттоодо турат. Андан тышкары, 2010-жылдагы окуя учурунда жоголгон 633 куралдын изи табыла элек.

Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Жогорку Кеӊештин 13-февралдагы жыйынында “Курал” жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

«Ошондой эле, 1621 тапанча белекке тартууланган.

Милиция органдарында катталбаган куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдарга сый акы каралган. Мисалы, гранатамет менен пулеметторго – 16 миӊ сом, автоматка – 9600 сом, тапанча же мылтыкка – 6400 сом, чолок мылтыкка – 3200 сом», — деди ИИМ өкүлү.

Депутат Акылбек Жапаров милиция органдарына өз ыктыяры менен курал тапшыргандарга сый акыны көбөйтүү зарылдыгын айтты.

«Миӊ доллардан кем болбоого тийиш, ошондо гана 2010-жылы жоголгон куралдар табылышы мүмкүн», — деди депутат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты