Абылгазиев: «Долбоордун алгачкы күнү эле жолдогу абал өзгөрдү»

Абылгазиев: "Долбоордун алгачкы күнү эле жолдогу абал өзгөрдү"

“Коопсуз шаар” долбоору ишке киришти. Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг жүргүзүү борборуна барды.

—Кечээтен тарта видеофиксация камералары жана аппараттык-программалык комплекстер Бишкек шаарындагы жол эрежесин бузгандарды каттоого ала баштады. Бул долбоорду ар кандай себептер менен ишке ашырууга мүмкүн болбой келген.

Ошол эле учурда унаалардын көбөйүшүнө байланыштуу жол кырсыктарынын саны өсүп, жолдордогу абал татаал бойдон калып жаткан.. Абалдан чыгуу үчүн чечкиндүү талаптар зарыл болгон, анын натыйжасы катары «Коопсуз шаар» долбоору ишке берилүүдө.

Эксперттик топ иш алып барып, андан соң сынак жарыяланган, анын жыйынтыгын чыгаруу иши катышуучулардын өз-ара сын-пикирлеринен улам создуктурулган. 2018-жылдын декабрь айынын соңунда гана жеңүүчү аныкталган,- деди ал.

Премьер-министрдин айтымында, алгачкы күнү эле жолдогу абал өзгөрө баштагандыгы байкалган.

«Кечээ айдоочулар жол кыймылы эрежесин сактай баштагандыгына ар бирибиз күбө болдук. Мунун өзү алар тартипке умтулуп, ал эми жолдорубуздун коопсуздугу жакшырып жаткандыгынан кабар берет, – деп белгиледи Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, жол инфраструктурасына, жол белгилерине, салынган айыппулдар ишине байланыштуу жарандардын айрым нааразычылыктары бар.

«Белгиленген тигил же бул эреже бузуу боюнча талаш учурлар болот. Биздин инфраструктура идеалдуу эмес, ошондуктан Бишкек шаардык мэриясы Ички иштер министрлиги менен бирге жол белгилерин коюу иштерин күчтөндүрүүгө тийиш.

Долбоорду ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар талаштуу жагдайлардын көп болушуна даяр турушу керек, ал эми он-лайн режиминде иштеген тутум кээде бузулуусу мүмкүн. Ошондуктан жарандарга ыңгайсыздык жаратпоо, тутум туруктуу жана ишенимдүү иштөөсү үчүн жөнгө салынган жана так ишти камсыздап, пайда болгон бардык көйгөйлөрдү ыкчам четтетүү зарыл», – деп баса белгиледи Абылгазиев.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты