Таш-Төбөдөгү өрт: Аял эки наристеси менен каза тапты

 

Таш-Төбөдөгү өрт: Аял эки наристеси менен каза тапты

Таш-Дөбөдөгү өрттөнгөн жай.

Таш-Дөбө айылында үйдүн    чарбачылык курулуштарынан чыккан өрт үйдөгү жаңжалдан улам кожейке аял өрт койгондугунан болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ билдирди.

12-февралда саат 16:15 те Аламүдүн райондук ИИБге өрт тууралуу кабар түшкөн.

Өрт чыккан жерден 34 жашар А.М.Д.нын, ошондой эле 10 жашар жана 2 жашар балдардын сөөгү табылган.

Бул үйдө аял күйөөсү, эки жаш баласы жана кайненеси менен жашаган. Жубайлардын угуу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон.

Сурамжылоодо аял туугандарынын бири менен чатакташа кеткендиги аныкталган. Айылдыктар суракта аял саат 14: дө канистра көтөрүп жүргөнүн көрүшкөнүн айтышкан. Аял айылдан 2 литр бензин сатып алганы белгилүү болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 12-февралда саат 15:13 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын Октябрь көчөсүнүн №45/2 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жанында салынган гараждан жана кампадан өрт чыккандыгын маалымдаган.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзгөн.
Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 16:19да чектөөгө алынып, саат 17:30да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 3 адам каза болгон. Алар—1985-жылы туулган А. М. Д. аттуу апасы, жана анын   2009-жылы туулган баласы К. Е.И., жана 2017-ж.т. К. М. И.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматынкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты