Караколдо окуучунун өлүмүнө шектүү окуучулар камалды

Караколдо окуучунун өлүмүнө шектүү окуучулар камалдыКараколдо мектеп окуучусунун өлүмүнө шектелген балдар убактылуу камоочу жайга камалганын Кыйноонун алдын-алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Сулаймановдун айтуусу боюнча кармалгандардын бешөө өспүрүм куракта. Аларды суракка алып жатканда мектептин мугалими жана жактоочусу катышкан. Кылмыш ишин иликтөө Каракол шаарынын прокуратурасынын көзөмөлүндө.

Айта кетсек, Караколдо 12-февралда 18 жашар мектеп окуучусун өлтүрүүгө шектелип, сегиз бала кармалганын Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы билдирген.

11-класстын окуучусу Д.А. нын ата-энеси 12-февралга караган түнү болжолдуу саат 12 лерде баласы чыгып, кайра кайтпаганын айткан.

Каракол шаарынын жана Ысык-Көл облустук ИИБ тез арада кылмыш ишине шектүү 8 баланы кармаган. Алар  16, 17, 19 жаштарда, суракта күнөөсүн мойнуна алган.

Анда өлтүрүлгөн бала өткөн жылдын декабрь айында өч алган балдардын биринин чөнтөк телефонун тартып алып, сабап салгандыгы аныкталган. Балдар чогулуп, ошо баланы чакырып өч алабыз деп, жыгач таяк менен сабап, анын негизинде бала каза болуп калган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты