Үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен, согушка катышкан, террор уюмуна кирген кыргызстандык кармалды

Үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен, согушка катышкан, террор уюмуна кирген кыргызстандык кармалды2019-жылдын 9-февралында УКМК менен ИИМ эл аралык террордук уюмдардын жана согушкерлердин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу боюнча  иш-чаралардын алкагында 1991 -жылы туулган КР жаранын кармады.

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук комитетинин  басма сөз кызматы билдирди.

2014-жылы Р.У. чет өлкөдөгү диний мекемелерден билим алып жатып, эл аралык террор уюмунун көзөмөлүнө түшүп жана үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен.

Кармалган киши эл аралык террор уюмунун лагерлеринин биринен аскердик машыгуудан өтүп жана Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук чыр-чатакка катышкан.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган адам камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Ал эми буга чейин 29-январда УКМК тарабынан терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында КР жараны М.Х. кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинде каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Кармалган адам 2015-жылы “джихад” идеологиясын көздөп Сирияга кеткен. Эл аралык террор уюмдарына кошулуп, куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн.

Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматынкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты