КСДП баш бухгалтери: “Атамбаевге шайлоо боюнча материалдарды калтырып кеткем” (Видео)

 

КСДП баш бухгалтери: “Атамбаевге шайлоо боюнча материалдарды калтырып кеткем” (Видео)Кыргызстан социал демократиялык партиясынын  шайлоо штабынын башкы бухгалтери Надира Сатыгул кызы 12-февралда интернетке чыккан видео кайрылуусунда  Кыргызстандан чыгып кеткенинин себебин жана Интернетке жарыяланган финансылык документтер боюнча түшүндүрмө берди.

КСДПнын башкы эсепчиси Надира Сатыгул кызы видео кайрылуусунда мындай деди:

“ Мен өлкөдөн убактылуу чыгып кеттим. Эмнеге? Анткени Икрамжан Саттарович Илмиянов камалгандан кийин мен кандайдыр бир тан калычтуу нерселерди сезе баштадым, кандайдыр артыман аңдыгандай, күмөндүү телефон чалгандар болду.  Мен ал тууралуу Алмазбек Шаршеновичке айттым. Ал мага өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүнү сунуштады. Бул менин коопсуздугумдан улам деп да ишендирди. Мен ойлонуп, баарын таразалап, макул болдум. Карагылачы, Илмияновго кандай мамиле жасашты, ал жеңишке жетиши үчүн шайлоодо көп нерселерди жасаган да.

Мен эч кимден качып кеткеним жок. Жөн гана менин көрсөтмөм менен соодалашышпасын дедим. Кетээр алдында Атамбаевге шайлоо боюнча материалдарды калтырып кеткем, өзүмдүн коопсуздугумду сакташ  үчүн. Бирок мен алар интернетке жарыяланып кетет деп ойлогон да эмесмин.

Адегенде абдан капа болдум, Бирок эми аны Токтакунов жарыялап жибергени жакшы болду го деп жатам. Чындык деген чындык да. Эми муну бардыгы билет.

Мен Бишкекке сөзсүз кайтып келем. Жакын арада келем деп ойлойм. Бишкекте мени эч ким коркутпайт деп ойлойм” деди кайрылуусунда КСДПнын бухгалтери Надира Сатыгул кызы.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева бул видеодогу сүйлөп жаткан айым Надира Сатыгул кызы экенин тастыктады.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттардын тизмесин жарыялаган. Ал айткандай, Жээнбековдун шайлоо штабы Борбордук шайлоо комиссиясына расмий билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар короткон деп айтылат.

Президенттин аппараты муну жалган маалымат деп билдирген.

Сүрөт жана видео: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты