Иликтөө: 45 млн сом коротулган электрондук система кайда?

Иликтөө: 45 млн сом коротулган электрондук система кайда?

Жогорку Кеңеш былтыр май айында өкмөткө мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана каттоону 2016-жылдын 1-декабрына чейин бүтүрүүнү тапшырган болчу.

Автор: Элеонора Бейшенбек кызы. Бул иликтөө IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросу менен кызматташуунун алкагында жарыкка чыкты. Макаланын оригиналы «Азаттык» радионун веб-сайтында жарыяланган.

Инвентаризация боюнча бардык маалымат камтылган атайын ачык электрондук портал ачууга Дүйнөлүк банк 2014-жылы 684 миң доллар грант берген.

2013-жылы кабыл алынган өкмөттүн узак мөөнөттөгү программасына ылайык, бул иштер 2015-жылы эле толугу менен аякташы керек эле. Бирок мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана каттоо боюнча электрондук система иштей элек.

“Азаттык” “Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу” долбоору жана анын айланасындагы жагдайларды иликтеп чыкты.

Иликтөө: 45 млн сом коротулган электрондук система кайда?Кыргыз өкмөтүнүн 2013-2017-жылдары туруктуу өнүгүүгө өтүү программасында мамлекеттик мүлктү башкаруудагы өксүктөр кеңири жазылган эле. Өкмөт анда колундагы мүлктүн көлөмү менен баасы тууралуу толук, ишенимдүү маалыматы жоктугун мойнуна алган. Соңку жылдары мамлекеттик мүлккө жалпы республикалык инвентаризация жүргүзүү аракети болгону менен майнап чыкпаганын, мүлк боюнча статистика, юстиция жана мамлекеттик каттоо кызматтары берген маалыматтар бири-биринен кескин айырмаланарын белгилеген.

Бул программада эң башкы маселелердин бири катары мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана каттоо боюнча борборлоштурулган системанын жоктугу аталган. Мындан улам “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри” мекемелер аралык автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү керектигин билдирген.

Кыргыз өкмөтү мындай электрондук система түзүү үчүн эл аралык донорлордон акча сураган. 2014-жылы Дүйнөлүк банк 684 миң доллар грант берген. Эл аралык тендер жарыяланып анда Грант Торнтон (Армения), Грант Торнтон (Кыргызстан) жана VXsoft (Ирландия) компанияларынын консорциуму утуп алган.

Бул долбоор 2016-жылы 31-октябрда аяктаган жана даяр электрондук система кыргыз өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.

Эң кызыгы, Мамлекеттик мүлк фондунда инвентаризациялоо боюнча мындай электрондук система 2012-жылдан тартып эле иштей баштаган. Аны “Кризис менеджерлер союзу” бекер жасап берген. Мындан улам бир система толук иштеп-иштей элек чакта эл аралык донорлордун каражатына дагы башкасын даярдоо зарыл беле деген суроо жаралган.

Каржы министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешининИликтөө: 45 млн сом коротулган электрондук система кайда? мүчөсү Бакытбек Сатыбеков мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана каттоо боюнча өкмөттүн долбоорун иликтеп жүрөт. Анын айтымында, мындай кошумча система түзүү зарылчылыгы жок болчу:

— 2012-жылы “Кризис менеджерлер союзу” Мамлекеттик мүлк фондуна мамлекеттик мүлктү каттоо боюнча электрондук система даярдап берген. Алар аны колдоно башташкан. Порталда алардын 2012-2013-2014-жылдардагы иштери боюнча отчеттору бар. Тактап айтканда, жаңы система түзүүгө акча сурагандын ордуна иштеп жаткан ошол системаны андан ары өнүктүрсө, кошумча жабдууларды сатып алса болмок. Ооба, жаңы система алда канча жакшы болушу мүмкүн. Ал долбоордун алкагында нормативдик-укуктук актылар даярдалды. Мунун баары жакшы. Бирок бул жаңы долбоор эмнеден улам сунушталганын билүү кызык. Эгер Дүйнөлүк банктан акча сураса, ал акчага өзүнчө жаңы система даярдалса, анда анын жыйынтыгын эмнеге колдонуша элек? Мамлекеттик мүлк катталган система эмдигиче иштей элек. “Кризис менеджерлер союзунун” системасында акыркы отчет 2016-жылдын 1-январы деп көрсөтүлгөн. Азыр болсо 2017-жылдын ортосу болуп калды. Демек, азыр эч ким инвентаризация жүргүзгөн жок. Эгер биз жаңы системаны көрбөсөк, эски система 1,5 жылдан бери жаңыланбаса, инвентаризация жана эсепке алуу жүргүзүлбөсө, анда бул тиешелүү мамлекеттик мекеменин ишинин шалаакылыгы деп айтса болот.

Бул эки система боюнча Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчи орун басары Бакытбек Мураталиев «Азаттыкка» түшүндүрмө берди. Анын айтымында, эски, мүмкүнчүлүгү чектелген системадагы маалыматтар жаңысына көчүрүлдү:

— Азыр экөө бирдей деп жатпайбы. Экөөнүн айырмасы өтө чоң. “Кризис менеджерлер союзу” бизге альтернатива кылып 2012-жылы бекер даярдап берген. Маалыматтык системада өзүнүн бир өзгөчөлүктөрү болот экен. Алар болсо аягына чыгарышкан жок. Ал системада үзгүлтүккө учураган учурлар болду. Биз булардын сервери менен колдончубуз. Азыр өзүбүз сервер алдык. Жаңы программа менен бардык мамлекеттик органдар, мисалы, Ошто отуруп деле толтура берет. Ар биринде электрондук ачкыч болот. Биз эски системадагы информацияны жаңысына которуп, синхрондоштурдук. Кийин аны толуктап жатабыз. “Кризис менеджерлер союзунун” системасы баарын толук камтыбайт. Жаңы системада кеңири, конкреттүү көрсөтүлгөн. Биз эски системадан жаңы системага көчүрдүк. Азыр мамлекеттик органдарга кыйла эле жеңил, алар болгону толуктап гана жатышат.

Иликтөө: 45 млн сом коротулган электрондук система кайда?Мамлекеттик мүлк фонду www.budget.gov.kg электрондук порталындагы маалымат боюнча “Кризис менеджерлер союзуна” 2012-жылдан ушул күнгө чейин жарым миллион сомдон ашык акча төлөп берген. Акыркы жолу, ушул айдын башында, тактап айтканда, 6-июнда 14 миң сом которгон.

“Кризис менеджерлер союзунун” жетекчиси Элмира Мыкыева бул каражатты техникалык колдоо үчүн төлөнгөн акы деп түшүндүрүп жатат: Анын айтымында, алар Мамлекеттик мүлк фондуна инвентаризациялоо жана каттоо боюнча сайтты бекер, тажрыйба үчүн гана жасап беришкен.

Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматы боюнча, Дүйнөлүк банктын “Мамлекеттик мүлктү башкарууну” жакшыртуу долбоору 2016-жылы 31-октябрда аяктады. Былтыр май-август айларында нормативдик-укуктук документтер кабыл алынды. Программалык камсыздоо даярдалып, бул программаны колдонуу боюнча 80ге жакын мамлекеттик мекемеден 120 адам атайын окуудан өттү. Былтыр август-октябрь айларында пилоттук долбоор катары Мамлекеттик мүлк фондунун борбордук аппараты, “Аврора”, “Витязь”, “Солнышко” эс алуу жайлары, “Элдик”, “Кыял” мамлекеттик ишканалары жана Оштогу “Туратаалы” базарынын мүлкүнүн эсеп-кысабы алынган.

Эксперт Бакытбек Сатыбековдун пикиринде, мындай пилоттук долбоордон кийин инвентаризациялоо иштерин былтыр жыл этегине чейин эле бүтүрүп коюу мүмкүнчүлүгү бар болчу:

— Мына ушундан кийин эле нормативдик-укуктук документацияны бекитип, системаны толук колдонууга өтө берсе болмок. Жетиштүү кубаттагы жабдуулар да сатылып алынган жана бул жабдуулар былтыр ноябрь айында эле келмек. Ошондуктан Мамлекеттик мүлк фонду бул системаны 2016-жылдын ноябрь айынан бери эле толук колдоно баштаганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бул долбоордун өзүндө электрондук система ачык болоору көрсөтүлгөн. Эл мамлекеттин эмне мүлкү бар экенин көрүп турушу керек. Анткени алар салык төлөөчүлөр да.

Юстиция министрлигинде жалпысынан 1130 мамлекеттик ишкана каттоодон өткөн. Мамлекеттик мүлк фондунун билдиришинче, ушул тушта анын 166сы гана иштейт. Электрондук системага жалпысынан 80ге жакын мамлекеттик мекеме мүлкү тууралуу маалыматты киргизиши керек. Алардын ичинен он мамлекеттик органдын мүлк тууралуу маалыматы жашыруун кармалат.

Жогорку Кеңеште Бюджет жана каржы комитети 12-июнда Мамлекеттик мүлк фондунун жалпы ишин карады. Анда фонддун жетекчиси Болсунбек Казаков ушул тушта мамлекеттик ишканалар менен мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын санын гана билерин, бирок жалпы мүлк тууралуу маалыматы жоктугун, болжолдоп да айта албай турганын мойнуна алды. Аталган комитеттин төрагасы, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана каттоо боюнча иштер ордунан жылбай жатканын айтып сынга алды. “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров ​өлкөнүн материалдык жана материалдык эмес активдерин эсептеп, каттоо боюнча былтыр 19-майда кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомун эске салды. Документке ылайык, инвентаризациялоо иштерин бүтүрүүгө өкмөткө 2016-жылдын 1-декабрына чейин мөөнөт берилгенин белгиледи.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков комитеттин жыйынында депутаттарды бул иштер ушул жылдын аягына чейин бүтөт деп ишендирди.

Былтыр жайында Коопсуздук кеңеши Мамлекеттик мүлк фондундагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча сунуштарды берген. Анда бул мекемедеги сегиз коррупциялык тобокелчиктин бири деп мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана каттоо жагы аталган эле.

IWPRдын башка макалаларын www.cabar.asia веб-сайтынан окусаңыздар болот.

Иликтөө: 45 млн сом коротулган электрондук система кайда?Бул журналисттик иликтөө IWPRдын Европалык Кеңеш тарабынан каржыланган “Демократиялык реформаларды жылдырууда журналисттик иликтөөнү калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын, мамлекеттик институттардын өкүлдөрүнүн жана ММКлардын ортосундагы байланышты түзүү” долбоорунун алкагында жарыяланды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты