Эркин Болжуровдун сүрөтү эл аралык сынактын жеңүүчүсү болду

Эркин Болжуровдун сүрөтү эл аралык сынактын жеңүүчүсү болдуБелгилүү фотограф Эркин Болжуров тарткан сүрөт (ондо биринчи-Артына отун артынган чоң эне) отун темасына арналган «CHANGE in Wood Culture эл аралык сүрөт конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири болду.

Бул тууралуу анын уулу Артур Болжуров билдирди.

“Сүрөт 1995-жылдары ак-кара пленкада Ысык-Көлдөгү Бар-Булак айылында тартылган. Сүрөттөгү чоң эне куурай чогултуп, аны таңып алып, нан жапканы келе жатат. Ал айылдагылар бак-даракты кыйбай, отко куурай жагышат. Алар ошондой эле тезек калашат. Тезек жакшы күйөт” деп тушүндүрмө берет Эркин Болжуров.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты