Жогорку сот: Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотулду

Жогорку сот: Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотулдуБүгүн Жогорку соттун кылмыш иштер жана административдик мыйзам бузуу боюнча коллегиясы өтүп, Жаза аткаруу кызматынын № 27 мекемесинин жаңы жагдайлар жана көрсөтмөсүн карап чыкты.  

Жогорку соттун маалыматы боюнча 2018-жылдын 7-июнундагы Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго байланыштуу токтому өзгөртүлүп,  алардын жазасы төрт жыл тогуз ай деп аныкталган. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу соттук коллегия Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду эркиндикке чыгарды.

Бирок Жаза аткаруу кызматына соттун чечими жете элек. Бүгүн Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы Асанов менен Кадыровдун эркиндикке чыга электигин билдирген.

Ал эми Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун эркиндикке чыккан сүрөттөрүн туугандары социалдык баракчаларга жарыялады.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деп Кубанычбек Кадыров, Бектур Асановду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгуловду шарттуу төрт жылга, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбаевди үй-мүлкүн конфискациядоо менен  20 жылга эркинен ажыраткан. Кийин бул өкүм Жогорку Сотто  Кадыров менен Асановго карата 8 жыл, Карыбаевге 12 жыл эркинен ажыратуу чечимине өзгөртүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты