Индия: Мейманканада өрттөн каза тапкандар 17 ге жетти

Индия: Мейманканада өрттөн каза тапкандар 17 ге жеттиИндиянын Нью-Дели шаарындагы Arpit Palace мейманканасындагы өрттөн каза болгондордун  саны 17 ге жетти. 

Бул тууралуу NDTV телеканалынын маалыматына таянып, РИА-новости агенттиги билдирди.

Аталган телеканалдын маалыматы боюнча мейманканадан 34 киши аман сакталып калды. Алар ооруканага жеткирилди.

Өрт чыкканы тууралуу маалымат Нью-Дели шаарына 12-февралда жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 04:30 да түшкөн. Полициянын айтымында көпчүлүк кишилер түтүндөн думугуп каза тапкан. Экөө аман кутулабыз деп терезеден секирип кетип, көз жумган.

Мейманканадагы бир топ киши үйлөнүу тойго келгендиги  кабарланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты