Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык ээлери аныкталды

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык ээлери аныкталдыЖурналисттик иликтөөлөр фонду  Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрүн 12-февралда аныктады.

Башкы сыйлыкка «Азаттык» радиосунун Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаков “Бандиттер байырлаган Ош” аттуу материалы үчүн татыктуу деп табылды.

«Умтулуу» сыйлыгы Эрик Исраилов менен Адил Турдукуловго, «Үмүт» сыйлыгы Марина Сколышевага ыйгарылды. Карачач Шакированын эмгеги да  белгиленди.

Журналисттик иликтөо боюнча сынак өткөн жылдын декабрь айында  жарыяланган. Ага 30дан ашуун эмгек түшкөн. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, статуэтка, диплом, ал эми баш байгеге 100 миң сом ыйгарылды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты