Өрттө калган үч наристе аман, бирок иске ууланды

Өрттө калган үч наристе аман, бирок иске ууландыӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектин “Келечек” жаңы конушунда үй өрттөнүп, үч наристе иске ууланып, ооруканага түштү. 

11- февралда үй өрттөнгөндө үч наристе иске ууланды. Алар төрт, үч жана эки жашта.

“Үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 14.09 да түштү. Ал жакка бир машина жөнөтүлгөн. Үйдүн 35 чарчы метр жери өрттөнүп кетти.

Иске уулугуп калган үч наристе ооруканага жеткирилди. Алардын абалы орто” деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Ал эми “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун төрайымы Назгүл Турдубекова үч наристе өрттөн кийин реанимацияда жатканын, апасы кош бойлуу экенин, үйү күйүп кетип бул үй-бүлө жардамга муктаж болуп жатканын билдирди.

«Жардамды Бишкек шаардык мэриянын Балдарга жардам борборуна берсе болот. Дареги: Бишкек шаары, Карасаев көчөсү, 73 (Элебаев көчөсү менен кесилишет).    Телефон номери: 0312 44 25 74, 0500 69 13 12 (Динара).   «Эльсом» номери- 0771454445″  — деп жазды Турдубекова фейсбук баракчасына.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты