Жаза аткаруу кызматы: Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов боштондукка чыккан жок

Жаза аткаруу кызматы: Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов боштондукка чыккан жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда бийликти күч менен басып алды деп соттолуп кеткен Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бүгүн, 12-февралда, эртең менен мөөнөтүнөн мурда, шарттуу боштондукка чыгарылды деп анын талапкерлери билдирген.

Бирок Жаза аткаруу комитетинин басма сөз кызматы андай маалыматты четке кагып, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотулган эместигин билдирди.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деп Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун үй-мүлкүн конфискациялап, 12 жылга эркинен ажыраткан.

Дастан Сарыгуловду шарттуу төрт жылга, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбаевди үй-мүлкүн конфискациядоо менен  20 жылга эркинен ажыраткан.

Өкүм Жогорку Сотто  Кадыров менен Асановго карата 8 жыл, Карыбаевге 12 жыл эркинен ажыратуу чечимине өзгөртүлгөн.  Дастан Сарыгулов шарттуу бошотулган.

  • Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты