Балерина Асымгүл Баетова көз жумду

Балерина Асымгүл Баетова көз жумду

Архивдик сүрөт.

Белгилүү балерина Асымгүл Баетова 77 жаш курагында көз жумду. 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү балерина Асымгүл Баетованын көз жумганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Асымгүл Баетованын ысмы Кыргыз ССРине эле эмес, чет өлкөлөргө да таанымал болчу. Баетова 1942-жылы 26-августта Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Таланттуу балдардын катарында ал Ленинграддагы Ваганова атындагы академиялык хореография окуу жайына өткөн.

1959-жылдан ал Кыргыз опера жана балет театрынын алдыңкы солисттеринен болуп калган. Таланттуу актриса жалаң биринчи ролдорду аткарган. Асымгүл Баетованын чыгармачылык дарамети  “Ак куу бийи”, “Уйкудагы сулуу”, “Жизель”, “Корсар”, “Ромео менен Джульетта”,  «Лауренсия», «Франческа да Римини», «Бахчысарай фонтаны», «Шопениана», «Дон Кихот», «Спартак», «Баядерка», «Анар», «Куйручук», «Асель» жана башка чыгармаларда даана көрүндү.

Чыгаан бийчилер Бүбүсара Бейшеналиева, Нурдин Түгөлов, Эркин Мадемилова, Сайнат Жакобаева менен катар Асылгүл Баетованын чыгармачылыгы элибизге классикалык хореографияны таанып-билүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түздү.

Ал Кыргыз Опера жана балет театрында 1982-жылга чейин иштеп, эс алууга чыккан.

Асымгүл Баетованын сөөгү Чоң-Таш айылында эртең, 12- февралда коюлат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,  Кыргыз улуттук академиялык опера жана  балет театрынын  жамааты Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асымгүл Баетованын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.  

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты