Темир Сариев Астанага учуп кетти

Темир Сариев Астанага учуп кеттиТемир Сариев Казакстанга Астаналык экономикалык форумга катышуу үчүн учуп кетти.

Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен «Жаңы экономика» аттуу экономикалык форум өтмөкчү. Бул иш-чарага экономика, саясат жаатындагы эл аралык эксперттер жана  эл аралык финансылык борборлордун өкүлдөрү катышып, эң негизги маселе катары «Жаңы энергия – Жаңы экономика» темасынын тегерегинде  ар тармактуу талкуу өтмөкчү.

Темир Сариев болсо бул форумда региондогу экономиканы өнүктүрүүнүн жол-жоболору менен бөлүшмөкчү.  Саясатчынын айтымында, форумдун маанилүү темасы болуп дүйнөлүк экономиканын өнүгүү тенденциясы жана глобалдык кызматташууну бекемдөөнү талкуу болуп саналат. Ошондой эле форумдун алкагында формалдуу эмес бир нече жолугушуулар өтмөкчү.

АЭФ-2017 дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштуруучулук иштерин «The Economist» эл аралык басылма, «Бреттон-Вудса жаңылануу комитети» фонду, ОЭСР, Дүйнөлүк банк, ЕБРР, SAP жана эл аралык агенттиктер, компаниялар алып барат.

Эскерте кетсек, бул Темир Сариевдин чет жактагы иш-чараларга акыркы убактагы үчүнчү жолку катышуусу болуп атат, буга чейин ал Шанхайдагы, Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдарга катышып келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты