Жасалма виза менен Кыргызстанга кирүүгө аракеттенген нигериялыктар кармалды

Жасалма виза менен Кыргызстанга кирүүгө аракеттенген нигериялыктар кармалдыУлуттук Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Кыргызстандын чек арасынан жасалма электрондук виза колдонуп өтүүгө аракет жасаган Нигериянын жарандары кармалганын кабарлады.    

Ушул жылы 6-февралда  Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитети Чек ара кызматы менен биргеликте «Манас-аэрапорт» Контролдук текшерүү пунктунан эл аралык авиа каттамынан, КР жасалма электрондук визасын колдонуп, мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет жасаган чет өлкөлүк жарандарды кармады.

Алар Нигериянын жарандары- 1979-жылы туулган Икене Анайо жана 1997-жылы туулган Карим Ахмед Оламилекан экенин аныкташкан.

Тышкы мигранттарды каттоонун бирдиктүү системасы боюнча текшерген учурда, аталган адамдардын Кыргыз Республикасынын электрондук визасы жараксыз экендиги аныкталды.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алар келген жагына кайтарылды.

Азыркы учурда тышкы мигранттарды каттоонун бирдиктүү системасынын 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды талдоого мүмкүнчүлүк берет.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматыныкы.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты