Баш прокуратура окуу китептерин басып чыгаруудагы мыйзам бузууну аныктады

Баш прокуратура окуу китептерин басып чыгаруудагы мыйзам бузууну аныктадыБаш прокуратура Билим берүү жана илим министрлигинин окуу китептерин басып чыгаруудагы бир катар мыйзам бузууларын аныктады.

Жаңы окуу китептеринин үстүндө иштөөдө жана аны басып чыгарууда, консультанттарды тандоодо бир катар кемчиликтерге жол берилгени Башкы прокуратура аныктаганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анда белгиленгедей, Бүтдүйнөлүк банк “Билим берүү секторундаы реформаны колдоо” долбоору боюнча 16,5 млн доллар кредиттик жана гранттык каражат бөлгөн. Анын ичинен 4,1 млн сом 5-6-класстардын окуу китептерин чыгарууга жумшалган.

2016-жылдын 10-августунда “БК” жоопкерчилиги чектелген коому контракт шартын бузуп, “Табият таануу, 5-класс” жана “География, 6-класс” жаңы окуу китептерин чыгаруу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин конкурстун башка катышуучусуна “И” ЖЧКсына берип койгон. “И” нин квалификациясы конкурстун талабына толук жооп бере алган эмес.

Андан тышкары авторлордун окуу китептерин баалоо жана кол жазмаларын баалоого чейин эле “БК” ЖЧКсы “Табият таануу, 5-класс” окуу китебинин автору Э.М. менен жаңы окуу китебин жазуу боюнча келишимге кол койгон, ал 2012-жылы чыккан, учурда окутулуп жаткан окуу китебинин толук көчүрмөсү болуп эсептелген.

Ага карабастан Билим берүү академиясы, министрликтин конкурстук жана техникалык комиссиясы талапка жооп бербеген окуу китептерин басып чыгарууну колдогон.

2018-жылы сапатсыз жана пайдаланууга жараксыз окуу китеби жарыкка чыгарылган. Окуу китептерин басып чыгарууга жана таратууга мыйзамсых 32, 7 млн сом жумшалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты