Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала зыяндуу жумушта иштейт
- 7 лет мурун
- Блог
Кыргызстанда 5-17 жаштагы балдардын ар үчүнчүсү зыяндуу иштерге тартылат. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун мамлекеттик мекемелер менен бирге жүргүзгөн изилдөөсүндө аныкталды.
Андан тышкары 6-13 жаштагы жеткинчектердин ар төртүнчүсү кооптуу жумуштарды жасашат. Мектепте окуган ар үчүнчү бала билим алуу менен жумушту чогуу алып кетет.
Зыяндуу жумуштар — мал сойгон жерлерде, талаада уулуу жер семирткичтер колдонулган жердеги ж.б. иштер.
Кооптуу жумуштар — көмүр жана башка кендерде эмгектенүү.
Адистердин байкоосуна ылайык, жумуш менен алектенген баланын билими теңтуштарынан дээрлик алты жылга артта калат.
Кыргызстанда 2-июндан 12-июнга чейин Балдар эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөш боюнча он күндүк өткөрүлдү. Иш-чара 12-июнь – Балдар эмгегине каршы күрөштүн бүткүл дүйнөлүк күнүн утурлай уюштурулду. Жогорудагы сандар ушул он күндүктүн алкагында жарыяланды.
Изилдөөгө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ош шаарынын муниципалдык администрациясы жана коомдук уюмдар катышкан.