Футбол федерациясына жаңы жетекчи келди

Футбол федерациясына жаңы жетекчи келдиКыргызстандын Футбол Федерациясынын башчылыгына Канатбек Маматов шайланды.

Бүгүн Кыргызстандын футбол федерациясынын делегаттарынын конференциясы болуп, анда делегаттар азыркы президент Семетей Султановдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырып, жаңы президентти шайлады.

Бул тууралуу маалымат федерациянын расмий сайтына жарыяланды.

Канатбек Маматов буга чейин федерациянын вице-президенти болуп келген.

Федерациянын жобосуна ылайык президент бул кызматка төрт жылга шайланат.

Федерациянын мурдагы президенти Семетей Султанов бул кызматтан өз каалоосу менен кетерин 7-январда жарыялаган. Ал бул кызматка 2016-жылдын 27-ноябрында экинчи жолу шайланган

Президенттикке талапкер катары беш киши каралган болчу. Алардын арасында кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров, футбол федерациясынын башкы катчысы Медер Сыдыков, ишкер Аскар Салымбеков бар эле. Андан тышкары өз талапкерлигин Дастан Конокбаев, Алмаз Чокморов жана Канатбек Маматов койгон.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты