Гүлкан Молдобекова, ЖК депутаты: “Осмонов айыптоолорун далилдеп берсин”

8-январдагы пресс-конференцияды Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Кеңешинин мүчөсү Канат Осмонов аталган федерациянын төрагасы Мирбек Асанакунов кызматта мыйзамсыз отурганын жана анын жубайы, ЖКнын депутаты Гүлкан Молдобекова сот иштери кийлигишип, кысым көрсөтүп жатканын айткан эле. Депутат бул боюнча ПолитКлиникага комментарий берди.

“Мирбек Асанакунов менин жолдошум болот. Мен ага карата козголгон кылмыш иштерине кийлигишип, тергөөчүлөргө кысым көрсөтүп жатканымды Канат Осмонов далилдеп берсин. Ал айта берсе эле туура боло бербейт да. Биринчиден, менин антип кийлигишкенге укугум жок.

Канат Осмонов баш болгон бир нече киши буга чейин “Мирбек Асанакунов төрагалыкка туура эмес шайланды” деп сотко беришкен. Ал айыптоону жокко чыгарган Жогорку соттун чечими чыккан. Эми “Ал чечимге макул эмеспиз” деп Биринчи май райондук сотуна кайра арыз менен кайрылышкан экен.

Мен ошол жерге барып тергөөчүгө кысым жасап, ишти токтот десем эле ал ишти токтотуп койгон заман эмес. Азыр ал замандан өттүк. Анан дагы Президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, депутаттарга кат жазышыптыр, “Мирбек Асанакуновдун жубайы Жогорку Кеңеште отуруп алып кысым көрсөтүп жатат” деп.

Мен социалдык маселелер боюнча Жогоку Кеңештин комитетинин төрайымы болгондуктан ал каттарды төрага мага жөнөтөт. Анткени, профсоюз аталган комитетке карайт. Мен ал каттардын баарын прокуратурага өткөрүп бердим. “Тактап, иликтеп бергиле” деп. Канат Осмонов Мирбек Асанакуновду каралоо аркылуу кайра төрагалык кызматка келүүнү көздөп жатат окшойт. Анан дагы жакында эле 60 кишини акча төлөп берип митингге алып чыгышыптыр.

Митингге чыккандар “Бир саатка эле дегенсиңер. Бир саат өттү. Кайра акча бергиле анда, дагы бир саатка калабыз” деп жүрүшүптүр. Ошондо дагы мени “Соттук иштерге кийлигишип жатат” деп айыпташты. Далил менен айтышпайбы ошону. Видеого же аудиого жаздырып алышкан болсо көргөзсүн. Мен эл өкүлү болгондон кийин эл алардын сөзүнө ишенип жатышат да”,- дейт депутат айым.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты