Мушташкан погончондордун иши УКМКга өттү

Мушташкан погончондордун иши УКМКга өттүКызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкери тарабынан да, прокуратура кызматкерлери тарабынан да мыйзамсыз иш-аракеттер орун алганы аныкталган. Бул тууралуу маалымат Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды.

2018-жылы 23-декабрда Балыкчы шаарында шаардык прокуратура кызматкерлери жол күзөт кызматынын кызматкери менен мушташып, милициянын сержанты шаардык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон күнү Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине («Кызматтык укуктарынан аша чабуу») ылайык кылмыш иши козголгон.

Азыр иш Ысык-Көл облусунун УКМК бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтене баштады. Башкы прокурордун буйругу менен бул окуяга байланыштуу Балыкчы шаарынын прокурору, анын жардамчысы жана стажеру кызматтан алынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты