УКМК: Мурунку саламаттык сактоо министри Батыралиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган

УКМК: Мурунку саламаттык сактоо министри Батыралиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган

Саламаттыкты сактоонун мурунку министри Талантбек Батыралиевге КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык 320-беренесинин 4-бөлүмү жана 322-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги тууралуу билдирме берилди.

Белгилей кетсек, КР Эсептөө палатасы түзгөн актысына ылайык, Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында КР саламаттык сактоо министри кызматында иштеп туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуп, 4-стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ методу менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууларда мамлекетке пайдасыз бир нече келишимдерди түзгөн.

Жыйынтыгында, мамлекетке 107 млн.сомдон ашык зыян келтирилген. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты