Цирк жетекчилигине ат салышкан Аида Акматова көркөм жетекчи болду

Цирк жетекчилигине ат салышкан Аида Акматова көркөм жетекчи болдуА.Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин көркөм жетекчилигине Аида Акматова дайындалды.

Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, жакында эле цирктин 35 кызматкери нааразычылык акциясына чыгып, цирк жетекчилигине Аида Акматованы коюуну талап кылышкан болчу.

Бирок министр Азамат Жаманкуловдун буйругу менен Фархат Бекманбетов жетекчиликке дайындалган эле.

Цирк кызматкерлери жаңы дайындоого нааразычылык билдирип, кетүүгө арыздарын жазышкан.

Министрлик жаңы жетекчилик Циркти өнүктүрүү үчүн иштейт деп ишендирүүдө.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты