Нурлан Калыбеков Жазуучулар Союзунун төрагасы болуп шайланды

Нурлан Калыбеков Жазуучулар Союзунун төрагасы болуп шайландыБуга чейин Жазуучулар Союзунун төрагасы, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бул кызматтан өз арызы менен бошотулду. Ошондон улам жаңы төрага шайланды.

Жазуучулар Союзунун төрагалыгына эки талапкер сунушталды: Жазуучулар Союзунун мурунку төрагасынын орун басары, акын Тынчтыкбек Нурманбетов жана Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Нурлан Калыбеков.

Добуш берүү жабык түрдө өттү. Жыйынтыгында Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы болуп акын Нурлан Калыбеков шайланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты