Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Мелис Турганбаев 2014-жылдан 2016-жылга чейин Ички иштер министри болуп иштеген. Ал министрликтен өз каалоосу менен кеткенин,  эч кандай саясий мотив жок экенин айткан.

Мелис Турганбаевден кийин Ички иштер министри болуп Кашкар Жунушалиев дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты