Президент Түрк ПА баш катчысын кабыл алды
- 6 лет мурун
- Блог
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.
Сооронбай Жээнбеков Алтынбек Мамаюсуповду ТүркПАнын Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап: «Сиздин келишиңиз менен Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгы жана көп тараптуу мамилелердин мындан ары дагы жакшыруусуна жана жогорку деңгээлге чыгарына ишенем», — деп билдирди.
ТүркПА Башкы катчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык процессинде оң натыйжалар бар экендигин, парламенттик багыттарда иштер активдешкенин маалымдады.
«ТүркПАда 4 багыт боюнча комиссиянын иши активдүү жүрүүдө. Алар экономикалык, эл аралык, социалдык-гуманитардык, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары», — деп билдирди Мамаюсупов.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөт: Президенттин басма сө кызматыныкы.