Мирбек Асанакунов боюнча жооп: “Дагы эки инстанциянын чечимин күтүү керек”

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын маалымат катчысы Мира Осмононалиева бүгүн болгон пресс-конференцияда Мирбек Асанакуновго карата айтылган айыптоолорго жооп берди.

Мирбек Асанакунов боюнча жооп: “Дагы эки инстанциянын чечимин күтүү керек”

Анда Мирбек Асанакунов федерациянын кыймылсыз мүлкүн өз алдынча сата албайт, андай чечимдер Кеңешмененбирге кабыл алынаарын айткан:

«Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов кыймылсыз мүлктөрдү сатуу боюнча өз алдынча чечим чыгара албайт. Уставга ылайык федерациянын мүлкү бүтүн жана кол тийгис болуп эсептелет. Мүлктү ажыратуу, кепилдикке коюу КПФнын Кеңешинин 29 мүчөсүнүн, республикалык жана борбордук профсоюздардын 20 лидеринин макулдугу менен гана ишке ашат.

Мирбек Асанакунов аталган кызматка келгенден кийин бир дагы мүлк сатууга кеткен эмес. Чечимдердин баарын ал эмес, Кеңеш кабыл алат»,-деп билдирди маалымат катчы.

Канат Осмонов мындан сырткары ага берилген ишеним каттын кайтарылып алынышы мыйзамсыз болгонун айткан. Ага карата маалымат кызматтан төмөндөгүчө жооп беришти:

«Канат Осмонов кыймылсыз мүлктү пайдалануу боюнча комиссиянын төрагасы. Ошондуктан ал кыймылсыз мүлккө гана байланыштуу бардык сот отурумдарына катышууга укуктуу. Анын ордуна ал бардык соттук отурумдарга катышып жүргөн жана ишеним катты жеке кызыкчылыгыүчүн пайдаланган.

Ошондуктан федерация жарандык кодекстин 206-беренесине ылайык,  ага берилген жалпы ишеним катты кайтарып алууну чечти. Бирок, ал кыймылсыз мүлккө байланыштуу соттук отурумдарга катыша алат»,-дейт Мира Осмоналиева.

Ал эми Мирбек Асанакуновдун төрагалык кызматта мыйзамсыз отурганы боюнча Мира Осмоналиева «дагы эки инстанциянын чечимин күтүү керек» деди:

«Мирбек Асанакуновдун кызматта мыйзамсыз отурганы боюнча дагы эки жогорку инстанциянын чечимин күтүү керек. Башкача айтканда, Бишкек  шаардык соту жана Жогорку Сот бар. Шашылыш чечим чыгаруунункереги жок»,-дейт маалымат катчы.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты