Сооронбай Жээнбеков Багдад Амреевди кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков Багдад Амреевди кабыл алдыСооронбай Жээнбеков 8-февралда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысын Багдад Амреевди кабыл алды. 

Мамлекет башчы белгилегендей, Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешине төрагалык кылуусу мезгилинде маанилүү иш чараларды өткөрүүнү пландаштырууда жана жакшы демилгелер менен сунуштар үчүн ачык.

Сооронбай Жээнбеков экономикалык чөйрөдөгү кызматташтык маселесин алдыңкы планга чыгаруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш чараларды, бизнес-форумдарды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл», — деп сунуштады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Кыргызстанда 2018-жылдын жайында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өткөнүн өзгөчө белгиледи.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты