Стамбулда кыргызстандыктар жабыркаган жок

Стамбулда  кыргызстандыктар жабыркаган  жок

Стамбул шаарында кулаган 8 кабат үйдө кыргызстандыктар жабыркаган жок. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги провинциянын губернаторунун маалыматына таянып билдирүүсү боюнча, Стамбул шаарында кулаган 8 кабаттуу үйдө 43 киши катталган. Үч кишинин сөөгү табылган, 12 киши куткарылган,  алардын баары түрк жараны.

Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Акыркы маалыматтарда, Стамбул шаарынын губернатору 6 киши каза болуп, 13 киши жабыркаганын,  алардын арасынан үч адам реанимацияда жатканын, алардын бирөөнүн абалы оор экенин билдирди.

Бир суткадан бери кулаган үйдүн калдыктары тазаланып жатат. Куткаруу иштерине ар кайсы тармакта иштеген 500 дөн ашуун киши жардам берүүдө.

Үймөктүн арасынан беш жашар кыз табылган. Кыздын андан кийинки абалы азырынча белгисиз.

Көп кабат үйдүн кулашынын себеби кошумча үч кабат  кошуп куруу болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты