Темир Сариев жаштарды “сапаттуу секирик” жасоого үндөдү

Темир Сариев жаштарды “сапаттуу секирик” жасоого үндөдү“Бирге” кыймылынын форуму

Үстүбүздөгү жылдын 8-июнь күнү  “Дасмия” этно-комплексинде “Бирге”  жаштар жаңы кыймылынын форуму өттү. Анда өлкөнүн жети дубанынан келген  250дөн ашык жаш лидерлер катышты.

Аталган форумдун коноктору экс-премьер-министр Темир Сариев, Борбордук Америка университетинин проректору Чыңгыз Шамшиев, Жогорку Кеңештин депутаты  Жанар Акаев, кинорежиссер Руслан Акун баш болгон бир катар коомдук-саясий ишмерлер, ишкерлер жана белгилүү чыгармачыл инсандар катышты. Форум интерактивдүү диалог формасында өтүп, анда  билим берүү, саясат жана маданият тармагынын учурдагы көйгөйлөрү, аны чечүү жолдору  талкууга алынды.

Темир Сариев жаштарды “сапаттуу секирик” жасоого үндөдүФорумда “Бирге” жаңы жаштар кыймылынын лидерлери  Тилек Дигербаев жана Айкин Арипова өлкөнүн жаштарын бириктирүүгө багытталган жаңы идеялардын долбоорлорун таанытты. Кыймылдын лидерлери уюмдун негизги беш багытын көрсөтүп, жигердүү  жаштарды өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз салымдарын кошууга чакырды. Ал багыттар “Жаштарды өнүктүрүү” борборун түзүү, “Жашыл Кыргызстан”  долбоору, жаңы башталган ишканаларды, ишкерлерди колдоо долбоору, ошондой эле “Политстратегия” лидерлер мектебин куруу жана “ArtKG” долбоорлору болмокчу.

Форумдун жүрүшүндө коомдук-саясий ишмер Темир Сариев өлкөнүн өнүгүшүндө жаштардын ордун баса белгилеп, жаштарды “кыргыз кыялын” кыялданууга чакырды. Ал:  “Бардыгыбыз “америка кыялы”, “япония кыялы” туурасында билсек керек. Бизде да “кыргыз кыялы” болушу керек. Ар бир кыргыз өзүнүн мекенинде өсүп-өнүгө алат. Буга жаштар өздөрү мүмкүнчүлүктү түзө алат. Эркин өлкөдө, татыктуу маяна алып, өзүн коопсуз сезе алган, өлкөгө,  үй-бүлөсүнө жана өзүнө  пайда келтире турган “кыргыз кыялын” кыялданышы керек. Буга мамлекет негизги шарттарды түзүп бериши керек” деген пикирин билдирди.

Ошондой эле Темир Аргенбаевич Сариев ааламдашуу доорунда мамлекеттин өнүгүү булагы чийки заттар же  табигый жаратылыш байлыктары эмес, билим, жаңы технология  жана анда жашаган адамдар экенин кошумчалап,“Санариптик сапаттуу секирик жасап, жашоонун  сапатын өзгөртүүгө убакыт келди. Бул бир гана маалыматтык технологияга,  тармагына эле тиешелүү нерсе эмес. Бул ошол эле учурда, медицина, айыл-чарба, туризм жана технологиялык  өндүрүш менен түздөн-түз  байланыштуу. Электрондук өкмөттү, электрондук экономиканы курушубуз керек. Бул багытта тармагында иштеген биздин таланттуу жаш адистерибиз бар. Туризмди өнүктүрөбүз дегендер бар. Аларга бул ишти аткарууда мүмкүнчүлүктү түзүп берүү керек” деди.

Ал эми жаш саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты  ЖанарТемир Сариев жаштарды “сапаттуу секирик” жасоого үндөдү Акаев Кыргызстандын ар үчүнчү жараны жаштар экенин айтып, бул өлкөнүн өнүгүүсүндөгү эң чоң ресурс экенин баса белгиледиМуну менен катар ал:“Демилгелүү жаштарыбыз өлкөнүн өнүгүшүнө кайдыгер карабай, мамлекеттик иштерге катышышы керек. Кыргызстандын эгемендиги, өнүгүшү үчүн убагында Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановдор 27 жашында эле мамлекет үчүн чоң иштерди жасашкан. Ал эми азыр жаштарыбызды кимдир-бирөөлөр уюштурган митингдерден, коомдук жерлерди тазалоо сыяктуу майда-барат иштерди кылып жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Жаштар алдына бийик максаттарды коюш керек” деген омоктуу оюн айтты.

“Бирге” жаңы жаштар кыймылынын негизги максаты— күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн өлкөнүн жигердүү жаштарын бириктирип, өлкөнүн өнүгүшүнө жаңы дем берүү. Ошондой эле мамлекеттин, коомдун көйгөйлөрүн чечүүгө активдүү катышуу болуп саналат.

Форум Гүлзада Рыскулова, Сьездбек Искеналиев, “Заманбап” тобу жана  “Жарайт сити” КВН командасынын катышуусундагы майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Жанара Каденова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты