Астанада ызгаарда флешмоб уюштурган кыргызстандык жигит

Астанада ызгаарда флешмоб уюштурган кыргызстандык жигитКыргызстандык Адилет Ногойбаев Астанадагы ызгаарда унаа тоскон элди үйүнө жеткиребиз деп флешмоб уюштурган.

“Мен бүгүн Астананын ардактуу жашоочусу болуп калдым” деди Адилет тамашага салып. Анткени аны казакстандык ЖМК астаналык деп жаңылып алган. Адилет—кыргызстандык.

“Менин флешмобум Астанага жеткенине кубанычтамын. Башкалар дагы мага кошулуп, жумуштан кайтканда тоңуп, аялдамада унаа күтүп турган элди жеткире баштады” деп жазган Адилет фейсбук баракчасына.

Астанада үч күндөн бери суук 30 градус болуп жатат.

Айта кетсек, Якутияда да жердешибиз суукта элди үйүнө жеткирүү боюнча флешмоб уюштурган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты