Көпчүлүк жерлерде кар жаайт
- 6 лет мурун
- Блог
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 8-февралда көпчүлүк жерлерде кар жаайт. Жолдорго муз тоңот, тоолуу райондордо кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө— өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;
Таласта-түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде— түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4:
Ысык-Көлдө- түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7:
Нарында- түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -15…-20 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаайт. Түнкүсүн -13…-15, күндүз -2…-4 градус болот.
Сүрөт: «ПолитКлиника».
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!