Кечиккен авиарейс Стамбулга учуп кетти

Кечиккен  авиарейс Стамбулга учуп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

“Пегасус” компаниясынын  эки жолу учпай кармалып жаткан авиарейси  Бишкектен Стамбулга учуп кетти. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Жүргүнчүлөр 18.50 олтуруп, 19.40 та учак учуп кетти.

Буга чейин “Бишкек-Стамбул самолету 7:05 те техникалык себептер менен учпай калып, саат 18.30 да учат деп кабарланган. Саат 7:05 теги ошол рейс эки жолу өзгөртүлгөн.  Бишкек-Стамбул рейси абага бир метр көтөрүлүп, кайра конгонун, учактын канаты күйүк жыттанганын жүргүнчүлөр кабарлаган.

Авиакомпаниянын өкүлү Ч. Орозалиев учактын канаты күйүк жыттанып кетпегенин билдирген.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты