Казакстанда ата-эне жана эки баласы иске ууланып көз жумду
- 5 лет мурун
- Блог
Павлодар облусунун Баянаул районунун Узун-Булак айылында эки квартиралуу жеке үйдөн 6-февралда төрт адамдын сөөгү табылган.
Болжолдуу маалымат боюнча алар мешке от жаккандыктан иске ууланган. Иске ууланып көз жумгандар бир үй-бүлө: жубайлар жана алардын кызы жана уулу.
Бул тууралуу Павлодар облусунун Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Райондун бийлик өкүлдөрү үй-бүлөнүн дагы эки кызы райондун борборунда окушарын, аларга жардам бере турганын билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!