Ысык-Көлдө шамал келтирген чыгым такталууда

Ысык-Көлдө  шамал келтирген чыгым такталуудаЫсык-Көл районунда 6-февралда  саат 15:30-16:00 чамасында  ылдамдыгы секундуна 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Шамалдын кесепетинен  «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын 185 чарчы метр чатырын (профнастил), Кош-Көл айылында турак үйдүн шиферин жана Тамчы айылында  турак үйдүн 36 чарчы метр чатырын (профнастил) учурган.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Шамалдын кесепетинен келтирилген чыгым такталып жаткандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты