Бишкек-Стамбул авиакаттамы саат 18.30 да учат

Бишкек-Стамбул авиакаттамы саат 18.30 да учат

Бишкек-Стамбул авиа каттамы 7-февралда саат 7:05 те техникалык себептерден улам  учпай калган. Андан кийин рейс саат 10:30 га жылдырылып,  дагы учпай калган.  Эми саат 18. 30 да учат деп болжолдонууда.   

«Пегасус» авиа компаниясынын  Бишкек-Стамбул багытындагы авиакаттамындагы Boeing 737-800 учагы 7:05 те техникалык себептер менен учпай калып, эми саат 18.30 да учат. Саат 7:05 теги рейс убактысы эки жолу өзгөртүлдү. Айрым жургүнчүлөргө авиа билеттин баасы толук кайтарылып берилди. Ошондой эле башка күнгө которулгандарга мейманкана да башка күнгө которулуп берилет. Калган жүргүнчүлөр ”Манас” аэропортунда, аларга ысык тамак берилүүдө” деп билдирди авиакомпаниянын өкүлү Ч. Орозалиев.

Жүргүнчүлөр ЖМКга Бишкек-Стамбул авиа каттамы абага бир метр көтөрүлөр алдында, кайра конгонун, учактын канаты күйүк жыттанып кеткенин кабарлашкан.

Аэропорттун өкүлү Ч. Орозалиев учактын канаты күйүк жыттанып кетпегенин, башка техникалык себептерге байланышту экенин билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты