Сагынбаев: “Сапар Исаковдун жактоочусунун айткандары боюнча текшерүү болбойт”

Сагынбаев: “Сапар Исаковдун жактоочусунун айткандары боюнча текшерүү болбойт”Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Сапар Исаковдун жактоочусунун ЖЭБ боюнча дагы кеминде 4 киши, анын ичинде Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков жана башкалар жооп бериши керек дегенине жооп берди.  

Сапар Исаковдун жактоочусу соттолуучулар арасына—куру дегенде 4 киши— Жогору Кеңештин мурдагы спикери  Асылбек Жээнбеков, келишим боюнча регламентти бузуп, фальсификациялаган профилдик комитеттин үч жетекчиси жооп бериши керек дегенине, ага кошумча,  ошондой эле объектти кабыл алган мурунку премьер,  азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков жетишпей жатат деген суроого жооп берип, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мындай деди:

—Бул факты боюнча текшерүү, аныгын айтканда, болбойт. Анткени кылмыш иши иликтенип бүттү. Мен азыр айтканымдай, бул иш боюнча чогултулган 53 том деген далил, бул абдан эле көп. Бул кылмыш иши боюнча түз жана кыйыр далилдер бар, ал боюнча  күнөөлүүлөргө айыбы угузулган. Сот органдары ал боюнча акыркы чечимди кабыл алышат, -деди Сагынбаев.

Айта кетсек, Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов ЖЭБди модернизаиялоо боюнча ТВЕА  компаниясы менен келишимди ратификациялоо боюнча кеминде төрт киши, анын ичинде мурунку Жогорку Кеңеш спикери Асылбек Жээнбеков, ЖК комитет төрагалары жооп бериши керектигин билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты