Өкмөт бюджетте дефицит азайганын айтты

Өкмөт бюджетте дефицит азайганын айттыПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев быйылкы жылы бюджеттин тартыштыгы 6,6 млрд сомго жоюлганын өкмөттүн жетишкендиги катары баалады.

Бул маалымат Премьер-министр катышкан Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынында 2018-жылга карата өлкөнүн бюджетин аткаруунун жыйынтыктары талкууланган учурда белгилүү болду.

Жыйында республикалык бюджет 135 437,6 млн. сом суммасында киреше жана 142 071,5 млн. сом суммасында чыгашаларды эске алганда 6 633,9 млн. сом дефицит менен аткарылганы айтылды. Дефицит мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганын өкмөт башчы жетишкендик катары баалады.

«Оңдуу учурлардын катарында өткөн жылы буга чейинки жылдарга салыштырмалуу биз бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жетишкенибизди атоого болот. Ал 6,6 млрд. сомду түздү же ИДПга карата 1,2%, бул 2017-жылга караганда 10,7 млрд. сомго төмөн. Биз «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырууну улантуу үчүн каражаттарды бөлө алдык. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында «Айыл банк» ачык акционердик коомун жана «Кепилдик фондун» капиталдаштыруу ийгиликтүү аяктады, үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы көбөйтүлдү», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Республикалык бюджетке 103 736,9 млн. сом салыктык киреше түшкөн, бул 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 13,4 %, же 12,3 млрд. сомго көп. Салыктык эмес түшүүлөр 22 552,0 млн. сом суммасында эсептелди.

Мындан тышкары 2018-жылга карата Мамлекеттик инвестициялар программасынын каражаттары боюнча бюджетти аткаруу болжолдуу түрдө 14 889,0 млн. сомду түздү (бекитилген пландан 4,7 млрд. сомго аз).

Кеңешме учурунда белгиленгендей 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн өсүүсү 3,5% түздү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты