Канат Жумагазиев Бишкек ШИИБин жетектейт

Канат Жумагазиев Бишкек ШИИБин жетектейтБишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине Канат Жумагазиев дайындалды. Ал буга чейин Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчисиболуп келген.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек милициясынын мурдагы жетекчиси Сталбек Рахманов Күбөлөрдү мамлекеттик коргоо башкармалыгына башчы болду. Бул мекеменин мурдагы башчысы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы штабына жетекчи болуп келди.

Маалыматта министр Кашкар Жунушалиевдин пикири белгиленип, кадрдык өзгөрүүлөр иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында жүргүзүлгөнү айтылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты