Түркияда 8 кабаттуу үй кулады (видео)

Түркияда 8 кабаттуу үй кулады (видео)Стамбул шаарынын азиялык бөлүгүндө кулаган көп кабаттуу үйдөн кеминде эки киши каза болуп, 6 киши жабыркаганы тууралуу ЖМКлар, анын ичинде euronews  билдирди.

Түркиянын Стамбул шаарында 8 кабаттуу турак үй кулаганда, кеминде эки киши каза болуп, 6 киши жабыркады, кулаган жерде дагы кишилер болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Шаардын мэринин билдирүүсүндө ал үйдө 43 киши жашаган, ал эми жертөлөсүндө токуучу жай иштеген.

1992-жылы бул үйдүн беш кабатын курууга лицензия алынган. Демек, үстүңкү кабаттары мыйзамсыз тургузулган.

Көп кабаттуу үйдүн эмне себептен кулаганы белгисиз. Жардыруу болбогонун бийлик айтууда.

Стамбул шаарынын прокуратурасы окуяны иликтей баштады.

Түркиянын президенти Тайып Эрдогандын тапшырмасы менен окуя болгон жерге Ички иштер министри Сулейман Сойлу жана Экология жана шаар курулушу министри Мурат Курум барды.

Сүрөт жана видео: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты