Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекетке өттү

Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекетке өттүКыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекетке өткөндүгүн басма сөз жыйынында Коопсуздук Кеңешинин катчысы ир Сагымбаев билдирди.

Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнүн жалпы баасы 1 млрд 852 млн сом болуп саналат.

Аскар Шадиев кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү жана акчаны мыйзамсыз легалдаштыруу боюнча айыпталган. Үй-мүлкү конфискациялануу менен ал сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

Шадиев Кыргызстандан качып кеткен. Айрым маалыматтарга караганда, Америка Кошмо Штаттарында күн кечирип жүрөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты