ИИМ кадрларын алмаштырды

ИИМ кадрларын алмаштырдыИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев жаңы дайыналган кадрларды кызматкерлерге тааныштырды.

Ички иштер министринин Башкы штабынын башчысы болуп Сталбек Күренкеев дайындалды. Ал мурда ИИМдин Күбөлөрдү коргоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

ИИМдин Күбөлөрдү коргоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп  Сталбек Рахманов дайындалды. Мурда ал Бишкек шаардык ИИБ башчысы болуп иштеген.

Бишкек шаарынын ИИБ башчысы болуп Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал ИИМдин Жол коопсуздугун сактоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматыныкы.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты