Лейла Саралаеваны кат жазышууну ачыктаганы үчүн сотко беришти

Лейла Саралаеваны кат жазышууну ачыктаганы үчүн сотко беришти

Лейла Саралаева.

“Лица” гезитинин баш редактору Лейла Саралаева менен журналист Светлана Бегунованы кат жазышууну жана телефон менен сүйлөшүүнү ачыктаганы, жеке турмушка кийлгишкени үчүн Маданият, маалымат жана туризм министринин кызматкери  Кыял Кенжематова берген.

Журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциядагы) 135-беренеси-жеке турмушка кийлигишүү,  136-берене-кат  жазышууну жана телефон сүйлөшүүлөрүн ачыктаганына тиешелүү беренелер боюнча айып коюлуп жатат.

Соттук иш 2018-жылдын ноябрь айында эле козголгон.

“Медиа полиси” институтунун өкүлү Акмат Алагушев аткаминер жеке айып боюнча даттанып жатканын, бирок анын доосу кылмыш беренелери болуп саналарын билдирди.

Бул медиа өкүлүнө жеке кат жазышуунун жана телефон сүйлөшүүлөрүн ачыктаганы үчүн салынган биринчи доо арыз болуп саналат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Кыял Кенжематова гезиттин бир канча нускасын милдеттүү түрдө берилишин  сурагандыгын гезиттин баш редактору Лейла Саралаева фейсбук социалдык баракчасына ачыктаган.

Ал эми  баш редактор жеке гезиттерге мамлекеттик органдардан эч кандай жардам берилбегенин айтканда,  Кенжематова мындайча жооп берген:

“Биз гезит сурадык. Эгер бул силерге аздык кылса, анда тиешелүү көзөмөл органдарына силердин маалымат бербей жатканыңарды айтабыз, анда мен билбейм, башка чаралар көрүлөт” деген.

Фейсбуктагы ошол пост үчүн Лейла Саралаевадан Кыял Кенжематова 57 миң сом моралдык чыгым төлөтүп алмакчы болууда.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты