Бишкекте өрттөн эки киши каза болду

Бишкекте өрттөн эки киши каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Элебаев жана Скрябин көчөлөрүндөгү кароосуз калган соода жайы өрттөнүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарындагы Элебаев жана Скрябин көчөлөрүндө каралбай калган соода жайындагы өрттөн эки киши каза болуп калды.

“Өрт чыкканда соода жайындагы темир тор тоскоолдук болду. Куткаруучулар аны сындырып киришти, бирок эки киши көз жумду. Алардын сөөгү милиция кызматкерлерине берилди” дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты